Акылбек Жапаров 8-мартка чейин өлкөдөгү бардык каналдарды тазалоону талап кылды
RU

Акылбек Жапаров 8-мартка чейин өлкөдөгү бардык каналдарды тазалоону талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында республика боюнча ирригациялык тармактарды жана каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча конкреттүү иш пландары талкууланды.

"Үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштер бүткөрүлүшү керек, мында ар бир акимдин вегетациялык мезгилге даярдануу боюнча конкреттүү иш планы түзүлүп, КР Айыл чарба министрлиги менен биргеликте иштелип чыгышы керек", - деди Жапаров. деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5111