Акылбек Жапаров: быйыл 150 млрд. сом салык чогулутуу пландалды
RU

Акылбек Жапаров: быйыл 150 млрд. сом салык чогулутуу пландалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, социалдык-экономикалык маселелерди өз убагында чечүү көбүнесе салык кызматынын милдеттеринен көз каранды.

"Бул жылы Мамлекеттик салык кызматынан 150 миллиард сомго жакын салык, ал эми Бажы кызматынан 100 миллиард сомго жакын акча топтоо планы коюлган", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү 2022-жылга карата иш пландары, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүүнү жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акциздик салыкты, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, накталай акча үчүн аналитикалык системалар тууралуу айтып беришти.

Жыйындын жыйынтыгында Акылбек Жапаров салык кызматынын алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5119