Арабызда орус жарандары жок. Надира Нарматова ЖКда кыргызча сүйлөөнү сунуштады
RU

Арабызда орус жарандары жок. Надира Нарматова ЖКда кыргызча сүйлөөнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңеште кыргыз тилинде сүйлөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал 12-январда парламенттин түзүмү каралып жаткан жалпы комитеттин жыйынында билдирди.

"Биз Кыргыз мамлекетибиз. Мамлекеттик тилибиз кыргыз тили. Андыктан кыргыз тилин сыйлап, Жогорку Кеңеште кыргызча сүйлөйлү. 90 депутаттын ичинде бир дагы орус жараны жок. Ошондуктан, кыргыз тилин башкалардын билүүсүн талап кылуудан мурун. Кыргыз тилинде сүйлөп, өзүбүз үлгү болушубуз керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5127