Бишкектин мектептеринде сабактардын саны азайышы мүмкүн, бирок узактыгы 45 мүнөттөн калат
RU

Бишкектин мектептеринде сабактардын саны азайышы мүмкүн, бирок узактыгы 45 мүнөттөн калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мектептеринде сабактардын саны кыскарышы мүмкүн. Мындай сунушту Бишкек шаардык кеңештин жыйынында социалдык маселелер боюнча төрага Казыбек Эргешов айтып чыкты.

Ал Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиевага кайрылып, 20 мүнөт созулган сабакта эмнени окуп жетишсе болот? - деп сурады.

Ал 20 мүнөттө сабакты түшундүрүп, кийинки 20 мүнөттө окуучуларды сураса болот, деп жооп берди. Башкача айтканда, кийинки сабакта.

"Сабактардын санын кыскартып, бирок узактыгын кадимкидей эле 45 мүнөт бойдон калтыруу жеңилирээк болмок беле? Ошол 20 мүнөттүн айынан көптөгөн арыздануулар түшүп жатат. Ата-энелердин айтымында бала сабакка келип, китебин ачкыча эле сабак бүтүп калып жатат", - деди депутат.

Бул сунушка билим берүү башкармалыгынын жетекчиси "жок, жеңилирээк болбойт", деп жооп берди. Анткени, андай боло турган болсо, мугалимге күч келип калат, деди Иманалиева.

"Финансы жагына да күч келет. Анткени алар ашыкча иштеп калышат", - дейт Элмира айым.

Эргешев, мындай учурда финансы жагын эмес, балдар бир жылдык окуусун жоготуп алганды ойлонуу керек, деп жооп кайтарды.

Натыйжада, билим берүү башкармалыгы маселени карап чыгып, сабактардын санын кыскартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, толук 45 мүнөт өтүү жагын ойлоно турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/512