Назарбаев так кайда экени дагы деле белгисиз. Ал жөнүндөгү акыркы маалыматтыр
RU

Назарбаев так кайда экени дагы деле белгисиз. Ал жөнүндөгү акыркы маалыматтыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы кырдаал акырындап турукташып баратат. Бирок Нурсултан Назарбаев кайда деген суроого азырынча жооп жок.

Kaktus.media сайтынын редакциясы Казакстандын биринчи президенти акыркы жолу эл алдына качан чыкканын эскерет.

28-декабрь, 2021-жыл

Жаңы жылдын алдында Санкт-Петербург шаарында (Орусия) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусу болуп ага Нурсултан Назарбаев катышкан.

Ал тургай Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди тепкичтен түшүрүп, унаага кантип отургузуп жатканы видеого тартылган.

Бүгүнкү күнгө чейин бул Нурсултан Назарбаевдин акыркы расмий видеосу.

31-декабрь, 2021-жыл

31-декабрда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан Садыр Жапаровго куттуктоо баракчасы жөнөтүлдү: "Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар! Уй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга бекем ден соолук, түгөнгүс бакыт каалайм. Жаңы жылда ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтүү жана жемиштүү болсун".

Бирок, мындай открыткаларды Назарбаев өзү эмес, басма сөз кызматы жөнөтөрү түшүнүктүү.

5-январь, 2022-жыл

Бүткүл өлкө боюнча нааразылык акцияларынын шартында Назарбаев мамлекеттин күнүмдүк башкаруусундагы бирден-бир формалдуу ролун жоготту – ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы болбой калды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешин өзү жетектей турганын билдирди.

6-январь, 2022-жыл

Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин жеке учагы деп аталган Bombardier Global 5000 жеке учагы саат 22:08де "Манас" аэропортуна конду. Буга Flightradar 24 сайтынын маалыматы далил. 9H-AVA борт Кыргызстандын борборуна Абу-Дабиден учуп келген. Flightradar 24 учагы акыркы убакта Нур-Султандан Алматыга үзгүлтүксүз учуп келгенин ачыктады. Бул учакта Назарбаев болгон деп айтылган.

7-январь, 2021-жыл

Беларусь президентинин басма сөз кызматы Александр Лукашенко Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Сүйлөшүү учурунда маектештер Казакстандагы иштердин абалын кеңири талкуулашканы баса белгиленди.

8-январь, 2022-жыл

Басма сөз катчысы Айдос Укибай Нурсултан Назарбаев Казакстандын борборунда экенин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин менен "учурдагы кыйынчылыктарды жеңип, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн" биригүүгө чакырганын билдирди.

Укибайдын айтымында, мурдагы мамлекет башчысы Токаев менен "түз байланышта" жана "Казакстанга дос мамлекеттердин" лидерлери менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн.

9-январь, 2022-жыл

Пресс-катчы Айдос Укибай (Кеңештин төрагалыгынан бошотулган фактыдан 4 күн өткөндөн кийин) Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өзү өткөрүп бергенин жазган: "Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Биринчи Президентке байланыштуу көптөгөн жалган ушактар ​​жана чагымчыл маалыматтар тарап жатат, биз мындай аракетти саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана мамлекеттин конституциялык негиздерине шек келтирүү аракети катары баалайбыз.

Мен жогоруда айткандай, Элбасы ушул күндөрү Нур-Султанда болуп, мамлекет башчысына колдоо көрсөттү. Бирок кырдаал абдан оор болчу, ошондуктан эл башаламандык менен террор өлкө жетекчилигинен ыкчам, катаал жооп кайтарууну талап кыларын жакшы түшүнгөндүктөн, Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын президентке өткөрүп берүүнү чечкен.

Элбасы менен мамлекет башчысы ар дайым "баррикадалардын бир тарабында" болуп, элин, өлкөсүн, улуттун келечегин коргоп келишкен. Баарыбыз үчүн оор күндөрдө алар дагы бир жолу монолиттүү мамлекеттик бийликти көрсөтүштү.

12-январь, 2022-жыл

12-январда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева коронавирус жуктуруп алганы кабарланды. Бул тууралуу анын жардамчысы Orda.kz порталына билдирди

"КОВИДдин курсу орточо" деди ал.

Анын айтымында, Назарбаева учурда "Алматыдагы үйүндө".

Мажилистин (парламенттин төмөнкү палатасы) басма сөз кызматы "РИА Новости" да анын ооруп калганын, ошондуктан жыйынга катышпаганын тастыктады.

Назарбаев кайда экени айтыла элек. Ал арада Казакстан Республикасынын биринчи президенти өлкөдөн чыгып кеткен (ал Россияда, Швейцарияда, Кытайда болушу мүмкүн деген версиялар бар) же алтургай каза болгон деген имиштер күч алууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5132