Казакстандагы башаламандыкта бир үй-бүлөдөн үч киши көз жумган
RU

Казакстандагы башаламандыкта бир үй-бүлөдөн үч киши көз жумган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор жарыяланды. Бул боюнча бийлик үн ката элек.

Казакстандын Талдыкорган шаарында массалык башаламандык учурунда бир үй-бүлөдөгү үч киши көз жумганын Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы билдиргенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги билдирди.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор социалдык тармакка жарыяланды. Анда турак үй, үч кишинин табыты, аза күткөн тургундар көрсөтүлөт. Бир үй-бүлөдөгү аял, эркек жана алардын кызы көз жумганы айтылат.

https://www.instagram.com/tv/CYl_hQIp0UN/?utm_source=ig_web_copy_link

"Бүгүн тууганыбызды кызы, аялы менен акыркы сапарга узатып жатабыз... Бир үй-бүлө жок болду. Сөөктөр унаанын артына араң батып жатат. Бардыгы чогуу жөнөтүлүүдө", - деген видеонун автору.

Ал эми соцтармактагылар каза тапкандардын жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүүдө жана бул тууралуу расмий маалыматтардын жоктугуна нааразы болуп жатышат.

Азырынча үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү тууралуу кенен маалымат жок. Расмий органдар видео боюнча үн ката элек. Аймакта антитеррордук иш-чаралар уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5135