Лифтке кыпчылып каза болгон жаран. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду
RU

Лифтке кыпчылып каза болгон жаран. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адам кыпчылып каза болгон лифт 2021-жылы эки жолу калыбына келтирилген. Бул тууралуу "Бишкекгорлифт" ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев БГКнын муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, лифт 4-кабаттан бир аз жогору кыпчылып калган, биринчи жабырлануучуну жубайы тапкан.

"Жубайы дароо лифтчиге кабарлаган. Лифттин оператору келгенде ал лифттин эшиктери ачык жана анда башы менен бир буту лифттин ичинде калып калганын, ал эми экинчи буту ылдый түшкөн абалда экенин көргөн. Машина бөлмөсүнө барып, өчүргүчтү өчүргөдөн кийин электрик келген. Алар кабинаны чогуу түшүрүп, жабырлануучуну жана колясканы бала менен чоогуу алып чыгышкан. Ошол маалда ӨКМдин куткаруучулары келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын сезип, тамыр согуусун текшеришкен", - деди Саманчиев.

"Бишкекгорлифт" ишканасынын жетекчисинин айтымында, лифт жумушчу, жүргүнчүлөрдү ташуучу, жүк көтөрүмдүүлүгү 320 кг болгон, 1986-жылы чыгарылган. Ал 1987-жылы ишке киргизилген, Самарканддагы элеватор заводу чыгарган. 2021-жылы оңдолгондон кийин дароо бузулуудан улам эки жолу токтотулган.

Ал кишинин өлүмүн укук коргоо органдары иликтейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5145