"Бүтүн Кыргызстандын" дагы бир депутаты суракка чакырылды. Бул жолу УКМКга
RU

"Бүтүн Кыргызстандын" дагы бир депутаты суракка чакырылды. Бул жолу УКМКга

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, Нарматова бүгүн, 14-январда УКМКнын тергөө кызматына суракка чакырылган.

Нарматова өзү болуп жаткан окуялар боюнча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров да Кыргызстандын Башкы прокуратурасына суракка чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5154