Тыныбекова жана Кыргызстандын беш балбанына батирлердин ачкычтары тапшырылды
RU

Тыныбекова жана Кыргызстандын беш балбанына батирлердин ачкычтары тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз күрөшү боюнча чемпионаттын ачылыш аземинин алкагында Кыргызстандын алты балбанына батирлердин ачкычы тапшырылды.

Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдиргендей, балбандарды сыйлоо учурунда Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Олимпиада оюндарынын жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батирлердин ачкычын тапшырды. Ошондой эле Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батирдин ачкычы ыйгарылды.

Мындан тышкары, федерациянын вице-президенти Динара Исаева аялдар курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бирге Айсулуу Тыныбековага батирдин ачкычын тапшырды.

"Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Федерациянын акчалай сыйлыктарын күрөш боюнча командалардын башкы жана улук машыктыруучулары Руслан Маджинов, Ислам Тазабеков жана Нурлат Такиров алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5155