Шекер менен майдын баасы кайрадан кымбаттады. Базар баалары
RU

Шекер менен майдын баасы кайрадан кымбаттады. Базар баалары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасы дагы көтөрүлүүдө.

Декабрдын аягында баалардын көтөрүлүшү жаңы жыл алдындагы көрүнүш деп түшүндүрүлсө, майрамдардан эки жума өткөндөн кийин деле айрым товарлардын гана баасы төмөндөгөн.

Мисалы, козу карындар арзандап кетти. Азыр шампиньондун килограммын 320-340 сомдон алса болот, жаңы жылга чейин баасы 700 сомго жеткен, устрица 400 сомдон 200гө чейин арзандады. Бирок алар эң керектүү азыктар эмес.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр жыл башынан бери өлкөдө азык-түлүк инфляциясы 11% түзгөн. Мында калктын реалдуу кирешелери 5,1 процентке кыскарган.

Өсүш, негизинен, баасы дүйнөлүк рынокко көз каранды болгон товарлар боюнча белгиленген.

Ошентип, өсүмдүк майы кайра кымбаттап, азыр литрин 160-170 сомдон арзан сатып ала албайсың.

Шекер бир ай мурун супермаркеттерде жана базарларда 65 сомдон болсо, азыр килограммы 68-72 сомго чейин кымбаттады.

Ал эми ун өндүрүүчүлөр ундун баасын көтөрбөгөнүн айтышканы менен, базарларда анын баасы орточо эсеп менен 15 сомго кымбаттады. Ошого жараша макарондун баасы да кымбаттаган.

Дан азыктарынын баасы (гречкадан башкасы) 5 сомго кымбаттады. Азыр гречка 110-120 сомдон сатылууда.

Тоок жумурткасынын баасы өзгөргөн жок.

Сезондук жашылча-жемиштерге болгон баа да ошол эле деңгээлде сакталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5170