Москвада кыргыз жылдыздарынын катышуусу менен гала-концерт өттү
RU

Москвада кыргыз жылдыздарынын катышуусу менен гала-концерт өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 15-январда, Москвадагы Кремль залында чоң кала концерт өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Европа жана Азия жылдыздары катышты. Иш чаранын максаты улуттар арасындагы ынтымакты арттыруу.

4000 кишилик зал жык-жыйма толуп, концерт жогорку деңгээлде өттү. Манас эпосу айтылып, убакыттын сынынан өткөн хит ырлар жаңырды.

Европадан Рей Хортон, Румынядан Акцент , Өзбекстандан Озода Нурсаидова, Грузиядан Зарина Тилидзе , Арменияда Нарек Бавеян, бизден Светлана Назаренко, Дөөлөт Сыдыков, Жеңиш Жумакадыр, Нурчолпон, Мирбек Атабеков , "Улуу көч" ансамбли, Нурмат Садыров, Аско, спортчулардан Манас Ниязов, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, коуч тренерлерден Асель Сыдыкова, бизнес ишкерлерден Жумадыл Эгембердиев, Эдуард Кубатов, Чолпонбек Жумашүкүров, Сайкал Асылбековалар катышты.

Концертти Эльдияр Кененсаров жана Вячеслав Мансутов алып барышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5175