Алматыда аскерлерди сабаган видео интернетке жарыяланды
RU

Алматыда аскерлерди сабаган видео интернетке жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook социалдык баракчасында, колуна союл жана арматура кармап алган митингчилер Казакстандын Улуттук гвардия аскерлерин Алматы шаарынын борборунда сабап жаткан видео пайда болду.

Видеонун авторунун айтымында, окуя Сейфуллин жана Шевчекно көчөлөрүнүн кесилишинде, 5-январда болгон.

"Колдоруна союл жана арматура алган террористтер Алматынын борборунда аскер кызматкерлерин өлтүрүп жатышат. 5-январь, 15:40. Видеодалил", - деп видеонун автору Жандос Курманбаев жазган.

Алматынын тургуну Жандос Курманбаев үйүнүн терезесинен 15 мүнөттүк видео тарткан.

"Ал күндөрү мен Алматыдагы окуяларга күбө болдум. Тереземдин алдынан 5-январда, болжол менен саат 14:40та Улуттук гвардиянын 1 200гө чукул жоокери жана ОМОНдун 500 желдети өттү. Алардын артынан менин эсебим боюнча 15 миңге чукул киши жөнөдү. Көпчүлүгү колдоруна союл жана арматура кармап алышкан. Андан тышкары, аскер кызматкерлеринин коргоочу щит жана каскаларын кийип алышыптыр. Менин божомолумда, митингчилердин арасында жүргөн 3 миңдей кишинин жүрүм-туруму агрессивдүү болчу. Басымдуу бөлүгү 17ден 25 жашка чейинки жигиттер. Кийин ошолор дүкөндөрдүн витриналарын талкалап жатышты", - деп Жандос Курманбеков айтып берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5178