Нурсултан Назарбаевдин күйөө балдары жогорку кызматтарынан кур калышты
RU

Нурсултан Назарбаевдин күйөө балдары жогорку кызматтарынан кур калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин үч күйөө баласы жана инисинин баласы жогорку кызматтардан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кайрат Шарибаев QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгынан четтетилген. Ал Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын жолдошу. Назарбаева учурда парламент депутаты.

58 жаштагы Кайрат Шарипбаев QazaqGaz ишканасын 2020-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келе жаткан.

Нурсултан Назарбаевдин экинчи кызы, Динара Назарбаеванын жолдошу Тимур Кулибаев "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Анда Кулибаев кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасын 2010-жылдан бери жетектеп келген.

Мындан сырткары, ал KAZENERGY мунай газ жана энергетикалык комплекс ишканаларынын казакстандык ассоциациясына төрагалык кылат, 2011-жылдан тарта "Газпромдун" директорлор кеңешинин мүчөсү - көз карандысыз директору. Ошондой эле Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти, аны менен катар эле бокс жана спорттун суудагы түрлөрү боюнча федерацияны жетектейт.

Ошондой эле "КазТрансОйл" ишканасынын башкы директору Димаш Досанов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал Наразбаевдин кенже кызы Алия Назарбаеванын жолдошу. Досанов бул кызматта 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Самат Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар.

Тиешелүү буйрукка Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

43 жаштагы Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин баласы. Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5185