Борбордук мечитке намазга келген киши 900 миң сомун уурдатты (видео)
RU

Борбордук мечитке намазга келген киши 900 миң сомун уурдатты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги борбордук мечитке намазга келген Мухтар Уразалиевдин барсеткасын уурдашты. Анда жер тилке сатып алууга деп чогултуп жүргөн 900 миң сому бар болчу. Бул тууралуу Мухтар Kaktus.media редакциясына айтып берди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 20-январында ал мечитке намаз окуганы кирген. Даарат алуунун алдында, кийимдери менен кошо барсеткасын да илгичке илип койгон.

"Даарат алгандан кийин барсеткамды унутуп, намазга кирип кеткем. Намаз бүткөндөн кийин чыксам, барсеткамды уурдап кетишиптир", - деди ал.

Сумкада 300 миң рубль, 55 миң сом, $5,7 миң, андан тышкары 12 миң сомго алынган алтын сөйкө бар болчу. Жер тилкесин сатып алууну пландап жаткандыктан, паспорт, айдоочу күбөлүк жана башка документтеримди да алып алган элем.

Эмне үчүн чоң акчаны жанына алып жүргөнүн мындай деп түшүндүрдү.

"Мен үй-бүлөмө үй салуу үчүн жер тилкесин сатып алуу боюнча келишим түзмөкмүн. Бирок кудай алдында милдетимди аткарып коюп, намаз окуп чыгайын дегем", - деди Мухтар.

Уразалиевдин айтымында, анын жети баласы бар, кичүүсүнүн төрөлгөнүнө 10 эле күн болду.

"Бул акчаны чогултуш үчүн 10 жыл иштедим", - деп кошумчалады ал.

Жабырлануучунун айтымында, учурда анын үй-бүлөсү тамак ашка каражаты жок калды. Мечиттегилер ага 2 миң сом чогултуп беришкен.

Ал милицияга кайрылып, камерадагы видеону да көрсөткөн. Андан бери бир жума өттү, бирок шектелүүчү азыркы күнгө чейин кармала элек.

"Кооптонгонум, тез арада чара көрүлбөсө, уурдаган адам башка өлкөгө чыгып кетет, же акчаны коротуп салат", - деди ал.

Видеодо сумканы уурдаган киши барсетканы көрүп, Мухтарды коздөй кол жансап бир нерсени жанында турган жигиттен сурайт. Тиги жигит даарат алчу бөлмөдөн чыгып кеткенден кийин өзүнүн жанына сумканы алып келет. Бир аздан кийин барсетканы алып, мечиттен чыгып кетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/518