Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков камакка алынды
RU

Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип, УКМКнын СИЗОсунун убакытлуу кармоочу жайына жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө бажы кызматындагы ири коррупция тууралуу маалымат аныкталган. Ага жетекчилик жана структуралык бөлүм башчылардын да тийиштиги бар экени белгилүү болду.

Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоо менен алектенген жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берген. Андан тышкары, бажылык тариздөө мыйзамды орой бузуу менен ишке ашырылып, товарларды жашыруу үчүн атайын схемалар колдонулган.

Бажы кызматынын жетекчилиги баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгын коргомуш болуп, тышкы экономикалык субъекттер үчүн бажы кызматынын акысын негизсиз жогорулаткан.

Бул фактылар боюнча 2022-жылдын 17-январында кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5197