Көңүл бургула! Бишкекте эки мектеп карантинге жабылды
RU

Көңүл бургула! Бишкекте эки мектеп карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин эки мектеби карантинге жабылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, №6 жана №60 орто мектептер бүгүнтөн тарта иштебейт. №88 мектеп боюнча чечимди жакын арада борбор шаардын мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борбору чыгарат.

Жогоруда аталган окуу жайлардан тышкары ар башка мектептерде жети класс карантинге жабылган.

"Ата-энелер муну эпидемия деп сары-санаа болбой эле коюшсун. Бирок, алгоритмге ылайык, эгер эки-үч окучууда оору жугузуп алуу фактылары аныкталса, мектепти жабууга туура келет", - деп Мозгачева белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5198