Бишкекте 16 мектеп карантинге жабылды
RU

Бишкекте 16 мектеп карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 муниципалдык мектеп жана 3 менчик мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Айнагуль Рыскулбекова билдирди.

Андан тышкары, тогуз муниципалдык жана он менчик мектептерде класстар жабылган.

Рыскулбекова кайсы мектептерде класстар жабылганын айта албай турганын белгилеп, бул тууралуу андан вице-мэр Виктория Мозгачева суранганын кошумчалады.

"Карантинге жөнөтүлгөн мектептер бул тууралуу билет, директорлорго айтылган, ошондуктан аларды атоонун зарылчылыгы жок", - дейт Рыскулбекова.

Жалпысынан канча класс жабылды деген суроого: "Көп. Эгер бир нече класска сабак өткөн мугалимде коронавирус бар экени аныкталса, биз ошол класстарды жабабыз. Контакт болгондор көп. Вирус тездик менен тарап жатат" - деп жооп берди.

Эске салсак, бир күн мурун Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева №6 жана №60 мектептер карантинге жабылды. №88 мектеп боюнча чечим чыга элек, деп маалымат берген болчу.

Окуучулардын ата-энелеринин айтымында: №12, №26, №67, №62, №4, №88, №11, Чехов атындагы, BIS менчик мектептерде да карантин жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5199