Тумандын айынан "Манас" аэропортундагы рейстер кармалууда
RU

Тумандын айынан "Манас" аэропортундагы рейстер кармалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-январда, "Манас" аэропортунда Aviatraffic компаниясынын Бишкек - Ош авиарейси токтотулду. Ал бүгүн, эртең мененки саат 06:55те учмак болчу. Андан тышкары, саат 09:00до борбор калаадан Ошко уча турган Tezjet компаниясынын да рейси кармалды.

Ал эми Грозный шаарына уча турган рейстин статусу даярдыгына жараша учат деп турат. Алдын ала билдирүүлөр боюнча бардыгына туман себепкер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5200