Россияда унаа оңдогон кыргыз жаранына жергиликтүү тургун ок аткан
RU

Россияда унаа оңдогон кыргыз жаранына жергиликтүү тургун ок аткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда унаа оңдогон кыргыз жаранына жергиликтүү тургун ок чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Санкт-Петербург шарынын Купчино районунда 16-январга караган түнү таңга маал болгон. Анда унаасын оңдогон кыргыз жаранынын ишине нааразы болгон жергиликтүү тургун түнксн келип, эшикке алып чыгып, тапанча менен аткан.

Ок чекесинин оң тарабына тийип, кыргыз жараны ооруканага түшкөн.

Ал эми ок чыгарган жергиликтүү тургун кармалып, ага "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5201