"Акылбек Жапаровдун кабинетинин дагы бир элге каршы токтому". Дыйкандардын нааразычылыгы
RU

"Акылбек Жапаровдун кабинетинин дагы бир элге каршы токтому". Дыйкандардын нааразычылыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун дыйкандары министрлер кабинети алардын жерди ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн чектегенин айтышууда. Алардын айтымында, министрлер кабинетинин жаңы демилгеси ири бизнестин кызыкчылыгына гана жооп берип, карапайым дыйкандарга тоскоолдуктарды жаратууда.

Панфилов районунун дыйкандары кыйынчылыкка туш болушту

Kaktus.media сайтынын редакциясына Панфилов районунун Чалдыбар айыл өкмөтүнүн тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Маркс Кожекеев кайрылды.

Кенжекеев Чалдыбар айыл өкмөтүнө төрт айыл кирерин билдирди. Кеңеш аймактагы эң чоң кеңештердин бири болуп эсептелип, 4,5 миң гектарга жакын айыл чарба жерин башкарат. Бул участоктор совхоздун жер фондунда.

Кенжекеевдин айтымында, Панфилов районунда айдоо үчүн жер Чүйдүн башка аймактарындагыдай түшүмдүү эмес. Мындан тышкары, сугат маселеси көп кездешет, көбүнчөсү бул жерлер малга тоют үчүн эгин өстүрүүгө гана ылайыктуу. Бирок, айыл тургундарынын көбү мал чарба менен күн кечрет. Көбүнүн жеке жер тилкелери жок болгондуктан, ушундай жерлерди ижарага алуу кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу болгон.

Эски эреже боюнча жергиликтүү администрация жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жерди ижарага берген.

Жакында эле дыйкандар жерди бөлүштүрүү эрежелери өзгөргөнүн, сыягы, алардын пайдасына эмес экенин түшүнүшкөн.

"Жаңы жылдан кийин айылыбызда жер маселеси боюнча комиссия жыйын өткөрдү. Биз жаңы кайрылууларды карап чыгып, ошол эле учурда жер тилкелерди инвентаризациялоону чечтик. Бизге өкмөттүн жаңы буйругуна ылайык, эми баары башкача болот деп айтышкан. Ага ылайык 4,5 миң гектар жердин 1 миң гектары гана айылдын карамагында болот. Акимчилик калган 3,5 миң гектар жерди ижарага берүү менен алектенет", - деди ал.

Чечим кандай?

Маалым болгондой, 17-декабрда өкмөт токтом кабыл алган. Ага ылайык Айыл чарба министрлигине республика боюнча Совхоз фондусунун жерлеринин 75 пайызын чексиз пайдалануу үчүн укук берилген. Андан ары Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүндө жергиликтүү администрациялар бул жерлерди арыз ээлерине ижарага бериши керек.

Министрлер кабинети бул чаралар айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларды өнүктүрүү үчүн көрүлгөнүн белгилейт. Жыйынтыгында, жерди ижарага берүү маселеси борборлоштурулуп, ири кооперативдер үчүн ыңгайлуу болуп калган. Ал эми Чалдыбардын тургундары карапайым дыйкандардын кызыкчылыгы эске алынбаганын белгилешүүдө.

Эмне үчүн дыйкандар нааразы?

"Ооба, юридикалык жактарга жакшы шарт түзүлдү, бирок жеке адамдарга эмес. Эски токтом боюнча жерлер жергиликтүү администрациянын карамагында болсо, бизде айыл өкмөттүн карамагында болчу. Жерди ижарага берүү боюнча кеңеш менен айылдык кеңеш өздөрү чечим чыгарышкан. Бирок, эми бул маселени акимчилик чечет. Ошондой эле эң ыңгайлуу шарттарды сунуштаса, ошонун пайдасына чечилет. Жөнөкөй дыйкан чоң кооператив менен теңтайлаша албасын баарыбыз түшүнөбүз. Чынында эле 75% жерди кооперативдер ижарага алсын деп айыл тургундарынан тартып алышкан экен", - дейт Кенжекеев

17-январда Чалдыбар айыл аймагынын дыйкандары райондун жетекчилиги менен жолугушту. Алар нааразычылыгын билдирип, эки талапты коюшту:

  • жерди ижарага алууда жергиликтүү тургундарга жеңилдиктерди берүү, анткени алар кооперативдер менен атаандаша албайт;
  • 1 миң гектардан ашпаган ижара наркын белгилөө, анткени дыйкандар сугат көйгөйлөрүнөн улам көп чыгымга учурайт.

Администрация бул маселе Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен талкууланарын белгиледи.

Кенжекеев башка аймактардан келген дыйкандар үчүн да мындай көйгөй жаралат деп эсептейт.

"Биздин өкмөттүн жаңычылдыктарын элдин баары эле биле бербейт деп ойлойм. Мындай абалга башка аймактардын тургундары да туш болгондо, нааразычылык күчөйт. Менимче, жарлыкта бардык тобокелчиликтерге баа берилбей, кызыкчылык сакталган эмес. Карапайым элдин саны эсепке алынган эмес. Муну Акылбек Жапаровдун кабинетинин дагы бир элге каршы токтому десек болот", - дейт ал.

Дыйкандар Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана президент Садыр Жапаровдон бул жагдайга көңүл бурууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5207