"Эч жакка кеткен жокмун". Нурсултан Назарбаев Казакстан элине видео кайрылуу жасады
RU

"Эч жакка кеткен жокмун". Нурсултан Назарбаев Казакстан элине видео кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Урматтуу казакстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Январь окуясы бүткүл Казакстанды дүрбөлөңгө салды. Бул уюшкан баш аламандыктардын жана Казакстанга кол салуулардын максаты өлкөнүн бүтүндүгүн, мамлекеттин пайдубалын бузуу болгон.

Бул окуялар эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактап, өзгөчө кылдат мамиле кылуу керектигин дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Болуп өткөн окуя баарыбызга сабак болду. Бул погромдордун жана адам өлтүрүүлөрдүн баарын ким уюштурганын аныктоо керек. Бул суроого тергөө жооп берет.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Мага ар кандай билдирүүлөр келип жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында да түрдүү маалыматтар берилүүдө.

Мен 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергем жана ошондон бери пенсионермин. Азыр Казакстандын борборунда татыктуу эс алуудамын жана эч жакка кеткен жокмун.

Президент Касым-Жомарт Токаев толук бийликке ээ. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент "Nur Otan" партиясынын төрагалыгына шайланат. Демек, элитада эч кандай конфликт, тирешүү жок. Бул темадагы ушактар ​​таптакыр негизсиз.

Мен 30 жыл бою өлкөбүздүн жыргалчылыгы учун талыкпай эмгектенгенимди баары билет.

Биз чек араны бекемдедик. Прогрессивдүү реформаларды жүргүздүк.

Биргелешип эгемендүү Казакстанды курдук, социалдык-экономикалык өнүгүүдө чоң ийгиликтерге жетиштик, Борбор Азияда гана эмес, КМШда да көп көрсөткүчтөр боюнча лидер болдук.

Казакстан дүйнөлүк коомчулукта таанымал жана авторитеттүү мамлекетке айланды. Бул бардык казакстандыктардын ынтымагынын натыйжасы.

Өлкөдөгү стабилдүүлүк жана бейпилдик дайыма менин максатым болуп келген. Биз баарыбыз бул түбөлүктүү баалуулуктарды баркташыбыз керек. Мындан ары да сөзсүз түрдө кризистен чыгабыз жана дагы да күчтүү болобуз.

Президент элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган жаңы реформа программасын алдыга койду. Бул программа колдоого алынышы керек.

Урматтуу мекендештер, сиздерге, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!

Мен мамлекет башчысы болуп турганда жүргүзгөн реформа жана модернизация багытымды колдогонуңуздар үчүн рахмат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5210