"Аэрофлот" Бишкек жана Ош шаарларына болгон рейстердин учуу тартибин өзгөрттү
RU

"Аэрофлот" Бишкек жана Ош шаарларына болгон рейстердин учуу тартибин өзгөрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аэрофлот" Россиялык авикомпаниясы туруктуу эл аралык учуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул коронавирустук инфекциянын жайылуусу уланып жаткандыгына байланыштуу көрүлгөн чаралар. Мындай жаңылыкты авиакомпаниянын сайты жарыялады.

Ошондо 28-марттан тартып 30-апрелге чейин Москвадан уча турган рейстер, анын ичинде Бишкек жана Ош тарапты көздөй учуулар токтотулду.

Жалпысынан 84 рейс кийинкиге жылдырылды.

Авикомпаниянын же контакт-борбордон билеттерди сатып алып, рейстери токтотулган жүргүнчүлөргө авиабилеттер үчүн каражат автоматтык түрдө кайтарылат. Ал эми билеттерди "Аэрофлоттун" сатуу кеңселеринде же агенттиктерде сатып алгандар, акчаны кайтаруу маселеси боюнча сатып алган жерге кайрылуусу керек, деп компания эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/521