Курсан Асанов СИЗО-50дөгү жашоо шартын айтып берди
RU

Курсан Асанов СИЗО-50дөгү жашоо шартын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-январда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы башаламандыктар боюнча кылмыш ишин териштирүү уланды. Ал иш боюнча милициянын генерал-майору Курсан Асанов, анын уулу Мухамед-Али Асанов жана шопуру Дамирбек Пайзилда уулу айыпталуучу катары өтүүдө.

Асановдун айтымында, бийликтегилер аны өзгөчө оор кылмыш жасагандар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү отурган СИЗО-50гө кармап, сындырууга аракет кылышты, бирок ал эч качан ишке ашпайт.

"Мени камерага отургузушту. Бардыгы жайында. Ал жакта ар кандай адамдар бар да. Мени аныктады, мен отурам. Моралдык жактан коркутуу болот деген ойлор болгон. Бирок андай болбойт. ЖАМК кызматкерлерине доом жок. Алланын көзү түз болсо, эч кандай коркутуулар болбойт", - дейт генерал Асанов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5223