Төрт курбу бир учурда өз жанын кыюуга аракет кылды
RU

Төрт курбу бир учурда өз жанын кыюуга аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төрт курбу кыздар бир эле учурда өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул маалыматты Kaktus.kg редакциясына Чүй облусунун ИИБси тастыктады.

Белгилүү болгондой, кечээ, 19-январда, төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылуу белгилери менен жергиликтүү ооруканга жеткирилген. Алардын бири кан тамырларын кессе, үчөө дары ичип ууланышкан. 1995-жылы туулган Т.З., 1996-жылы туулган Б.О., 1998-жылы туулган М.М., 1987-жылы туулган М.Г. Кара-Балта шаарындагы кичирайондордун биринде, чогуу батирде турушчу.

Бул факт боюнча териштирүү жүрүүдө. Ар бири өлүм алдындагы кат жазып, белгисиз адамдарды күнөөлөп, бул кадам жасоого түрткү болду деп жазган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кимдир бирөө аларга компромат видео тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5230