Казакстанда сабалган Чолпонбек Сыдыковду Кыргызстанга алып кетишти
RU

Казакстанда сабалган Чолпонбек Сыдыковду Кыргызстанга алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Казакстанда кармалган Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков Алматыдан чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 20-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу Сыдыковду атайын медициналык унаа менен "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып чыгууну уюштурган.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен Тышкы иштер министрлиги "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кыргызстандык жаранды ооруканага жаткыруу менен жолугушууну уюштурууда.

Учурда Сыдыков менен болгон окуянын бардык жагдайлары иликтенип, анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5234