Дилбаян жазып акчалай сыйлык ал! Шахмат боюнча сынак жарыяланды
RU

Дилбаян жазып акчалай сыйлык ал! Шахмат боюнча сынак жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шахмат федерациясынын президенти Бабур Тольбаев жана "Апаке" Коомдук Фонду "Мен үчүн шахмат - бул..." аттуу темада эң мыкты дилбаянга сынак жарыялайт.

Сынакка, шахматка болгон сүйүүсүн көрсөтүүнү каалаган , чыгармачылык өзгөчөлүгү жана интеллекти боюнча айырмалангысы келген, Аруузатты сактап калууну каалаган ар бир адам катыша алат.

Эң мыкты тогуз жеңүүчү акчалай сыйлыктарга ээ болушат:

  • 1-орун – 20 000 сом.
  • 2-орун – 10 000 сом.
  • 3-орун – 5 000 сом.

ЖАЛПЫ БАЙГЕ ФОНДУ 105 000 СОМДУ ТҮЗӨТ.

Сынакка катышуунун негизги шарттары:

  • Дилбаянды көрсөтүлгөн темада орус же кыргыз тилинде 500 сөзгө чейин WORD электрондук форматында басып чыгарыңыз.
  • Дилбаянды өзүңүздүн ФАА менен сактаңыз.
  • "Апаке"КФ @apake.kg баракчасындагы сынакка катталыңыз жана өзүңүздүң дилбаянды тиркеңиз.
  • Эгерде сиз "Апаке" Фондуна кеминде 50 сом кайрымдуулук кылсаңыз, анда ар бир бүтүм үчүн дагы 50 сомдон Тольбаев Бабур кошот. Башкача айтканда, кайрымдуулуктун жалпы суммасы эки эселенет. Аруузатка жардам берүү үчүн реквизиттер каттоо түрүндө көрсөтүлгөн.
  • Көмөк көрсөтүү үчүн акча которуу жөнүндө e-mail почта аркылуу [email protected] дарегине билдиресиз.

Дилбаянды кабыл алуунун акыркы күнү – 2022-жылдын 28-январы.

Сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 1-мартында жарыяланат.

Жаңылыктарга фонддун социалдык тармактарынан көз салып туруңуздар!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5235