Милиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн Чынгыздын апасы Жапаровго жолугушууну суранды (видео)
RU

Милиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн Чынгыздын апасы Жапаровго жолугушууну суранды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 27-август күнү кечинде милиция кызматкери Дуулатбек уулу Жакупбек жол эрежесин бузган Чыңгыз Абдраевдин жүрөгүнө жакын жерге ок атып, өлүмгө дуушар кылган. Каргашалуу окуя Жибек Жолу проспектисинде Сарахси атындагы борбордук мечиттин жанында болгон.

Маркумдун апасы Анар Асангазиева биринчи соттук отурумда айыпталуучунун жакындары ага кол салышканын эске салды.

Асангазиева мамлекет башчы Садыр Жапаров да уулунан ажырагандыгы үчүн аны түшүнөт деп ишенип, ага видео кайрылуу жолдоду.

- Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге кайрылып жатканымдын себеби 2021-жылдын 27-августунда мин тирегим болгон жалгыз уулумду милиция кызматкери Дуулатбек уулу Жакупбек атып өлтүргөн. Ошондон бери эртеден кечке ыйлайм. Садыр Нургожоевич, сиз мени түшүнөсүз деп ойлойм, анткени сиз дагы уулуңуздан ажырап калгансыз, топурагы торко болсун, жаны жаннатта болсун.

Чынгызым ыймандуу, мээнеткеч эле. Мени баалап, сыйлап турчу, баламдан айрылдым. Эми эмне кыларымды билбейм. Баламды үйлөнтө албай калганыма абдан өкүнөм.

Айыпталуучу Жакупбек жоопкерчиликтен качууга аракет кылып, ар кандай көрсөтмөлөрдү берип, тааныш-билиштерине салып жатат. Кылмыш учурунда анын жанында Юлия Сафонова, Базаркул уулу Эламан жана Бекматов болгон. Видеодо киши өлтүрүү учуру так-даана көрсөтүлүп турат.

Көзөмөл камераларында киши өлтүрүү жазылып калгандыгы баарын далилдеп турат. Биз милиция баарыбызды коргойт деп ишенчүбүз, эми коркуп, милициялар өлтүрөт, алдайт деген ой менен жашап калдык. Садыр Нургожоевич, жалгыз уулунан ажыраган эне катары мени кабыл алууңузду суранам.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5241