"Кызым үчүн үйдү саттым". Жалгыз бой эне кызын дарылоо үчүн жардамга муктаж
RU

"Кызым үчүн үйдү саттым". Жалгыз бой эне кызын дарылоо үчүн жардамга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вика жөнүндө буга чейин жазганбыз. Бирок, апасы талап кылынган сумманын жарымын гана чогулта алган. Ошондуктан кайра боорукер адамдарга жардам сурап кайрылат.

Азыр Вика 14 жашта, миопатия менен ооруйт - булчуңдардын бузулушу. Ал колдоосуз баса албайт. Викинин апасы жалгыз үйүн сатып, өлкөдөгү бардык дарыгерлерге кайрылып көргөн. Россиялык гана дарыгерлер жардам бере алат, бирок дарыланууга 600 миң рубль чогултуу керек. Виканын абалы тууралуу анын апасы Ольга Дотер Kaktus.media сайтына кененирээк айтып берди.

Кызын айыктырам деп жалгыз үйүн сатты

"Вика бир жашта эле, анын буттары ооруп жатканын түшүндүм. Ал таянычсыз баса албай, дайыма жыгылат. Бирок, ага так диагноз коюу үчүн көп жылдар керек болду", - дейт кыздын апасы.

Так диагнозун билгенибизге эки эле жыл болду. 11 жылдан бери текшерүүлөр, башка диагноздорду дарылоо менен өттү.

Ольганын айтымында, үй-бүлө дарыгерлерге гана эмес, табыптарга да кайрылышкан.

"Бала үчүн баарына барууга даярмын. Бирок табыптар жардам беришкен жок. Жөн эле акча жана убакыт коротушту. Акча түгөнгөндө үйдү сатып, баарын дарыланууга жумшадык. Азыр Россияга көчүп кеткен досторубуздун үйүндө жашап жатабыз, коммуналдык төлөмдөрдү гана төлөйбүз", - дейт апа.

Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенибизге көп болду. Ал кызынын жашоосуна аралашпайт. Чоң балдарым Виканы дарылатып, тарбиялоого жардам беришет.

Дарылоого каражат жетпейт

Ольга Дотер миопатия чет өлкөдө ийгиликтүү дарыланып жатканы тууралуу маалыматты таап, клиникалардын бирине кайрылган.

"Саналуу гана мамлекеттерде дарылашат. Россияда Новочеркасск шаарында мындай клиника ачылганда мен абдан кубандым. Биз дарыгерлерге кайрылдык, алар диагнозду тастыкташты жана биздин маалыматтарыбыз менен алар ооруну жок кыла аларына кепилдик беришти жана Вика кадимкидей толук жашоого мүмкүнчүлүк алат.", - деп белгилейт Ольга.

Вика жалпысынан үч курс дарыланууга муктаж. Бир курс 600 миң рубль турат. Жол киреге, ал жактагы жатаканага дагы каражат керек.

"Кызымдын жүрөгүнүн митралдык клапаны жабыркаган, учакта уча албайт. Бирок эгер элчиликтен уруксат алсак, аны машина менен алып кетсе болот. Буюрса акча чогултуп алсак сөзсүз барабыз",- дейт ал.

Виканын үмүт жана кыялдары

Вика мектепте 4-классты аяктаганга чейин окуган. Ошондон кийин дарыгерлердин сунушу менен үйдөн окуугаа өткөн.

"Вика буттары начар болгондуктан мектепке 8 жашында барган. Ал мектепте жакшы окучу, бирок дайыма жыгылып калчу. Кабыргалары менен сөөктөрүн сындырып алды. Ошоентип үйдөн окуганга туура келди. Ал англис тилин жакшы окуйт, ошондой эле тарыхты жана адабиятты жакшы көрөт. Көп окуп, оорусунан алаксыйт",- дейт апасы.

Кыздын жашоого пландары көп. Келгиле, ага муну ишке ашырууга жардам берели.

Викага жардам берүүнү каалагандар акча которо алышат:

  • "Элсом": 0558 19 91 57
  • Finca банк эсеби: 1380206001696742
  • KICB валюталык эсеби дүйнөнүн каалаган жери үчүн 1280146053014842
  • VISA: 4446732000716433

Алуучу Дотер Ольга Антоновна, апасы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5258