Алтын кен иштетүүчү компаниянын эки кызматкери кар көчкүнүн алдында калышты
RU

Алтын кен иштетүүчү компаниянын эки кызматкери кар көчкүнүн алдында калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кар көчкү эки кызматкерди басып калып алар каза болушту.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, 21-январда "Вертекс голд компани" компаниясынын кызматкерлери Кара-Буура - Чаткал автожолунда кар массасын түшүрүп жатышкан. Ошол маалда кар көчкү башталып, эки киши анын алдында калып калды.

Аларды издөөгө экскаватор, беш жүк жүктөөчү машине, компаниянын 100 кызматкери жана куткаруучулар тартылган болчу.

Болжол менен саат 17:30да бирөөсүнүн сөөгүн, саат 19:15те экинчисин табышкан.

Эске салсак, "Вертекс голд компани" компаниясы Чаткал районунда жайгашкан Жамгыр алтын кенин иштетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5265