Болот Темировдун кармалышы: Бишкек ШИИББи расмий комментарий берди
RU

Болот Темировдун кармалышы: Бишкек ШИИББи расмий комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча алгачкы расмий комментарийди Борбордук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, толук маалымат эртең белгилүү болгондон кийин берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темиров күч органдары тарабынан кармалган. 22-январдын кечинде анын редакциясынын кеңсесине бир нече тергөөчүлөр жана спецназдын жоокерлери киришкен. Баарын жерге жаткырып, укук коргоо кызматкерлери Болот Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл затты алып чыгышканы айтылууда. Бирок бардык күбөлөр бул затты күч органдары өздөрү койгонун айтышууда. Болот Темировго каршы арыз жазылганы да белгилүү болду.

Мунун баары "Temirov Live" журналисттери "Ташиевдер кланы" иликтөөсүн жарыялап, үй-бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстанда мунай магнаттарына" айланганын иликтеп жарыялагандан кийин болду. Социалдык тармактын колдонуучулары болуп жаткан окуяларга нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5274