Булактар: Темиров менен бирге Болот Назаров да кармалган
RU

Булактар: Темиров менен бирге Болот Назаров да кармалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров дагы кармалган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, укук коргоо кызматкерлери спецназдын жоокерлери Болот Темиров менен биргеликте анын командасынын мүчөсү Болот Назаровду да кармашкан.

Ал да Темировго окшоп Бишкек ШИИБде, күбө катары суракка алынган, экөөнү тең милиция имаратынан чыгарбай жатышат.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темиров күч органдары тарабынан кармалган. 22-январдын кечинде анын редакциясынын кеңсесине бир нече тергөөчүлөр жана спецназдын жоокерлери киришкен. Баарын жерге жаткырып, укук коргоо кызматкерлери Болот Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл затты алып чыгышканы айтылууда. Бирок бардык күбөлөр бул затты күч органдары өздөрү койгонун айтышууда. Болот Темировго каршы арыз жазылганы да белгилүү болду.

Мунун баары "Temirov Live" журналисттери "Ташиевдер кланы" иликтөөсүн жарыялап, үй-бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстанда мунай магнаттарына" айланганын иликтеп жарыялагандан кийин болду. Социалдык тармактын колдонуучулары болуп жаткан окуяларга нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5275