Болот Темировду колдоо митинги башталды
RU

Болот Темировду колдоо митинги башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-январда Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында журналист Болот Темировду колдоо митинги өтүүдө. Митингге активисттер, журналисттер, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана айрым бизнес өкүлдөрү катышты.

Депутат Бекешев укук коргоо органдарынын аракеттери боюнча Башкы прокуратурага кат жаза турганын белгиледи. Ал кесиптеш депутаттар менен байланышканын алардын айрымдары реакция кылып, көбү унчукпай койгонун кошумчалады.

"Унчукпай коюу да реакциянын бир түрү", - деди ал.

Митингчилердин биринин айтымында, ал бүгүн күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин колдоо митингине катышуу үчүн келген. Анткени эртең бул баарына таасир этиши мүмкүн. Ал ошондой эле Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрүн колдонуу бөлүмдүн беделине шек келтирерин белгиледи.

***

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темиров күч органдары тарабынан кармалган. 22-январдын кечинде анын редакциясынын кеңсесине бир нече тергөөчүлөр жана спецназдын жоокерлери киришкен. Баарын жерге жаткырып, укук коргоо кызматкерлери Болот Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл затты алып чыгышканы айтылууда. Бирок бардык күбөлөр бул затты күч органдары өздөрү койгонун айтышууда. Болот Темировго каршы арыз жазылганы да белгилүү болду.

Мунун баары "Temirov Live" журналисттери "Ташиевдер кланы" иликтөөсүн жарыялап, үй-бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстанда мунай магнаттарына" айланганын иликтеп жарыялагандан кийин болду. Социалдык тармактын колдонуучулары болуп жаткан окуяларга нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5278