Анжеликанын бакты кыйдырганы көпчүлүккө жаккан жок. Ырчы түшүндүрмө берди
RU

Анжеликанын бакты кыйдырганы көпчүлүккө жаккан жок. Ырчы түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, ырчы Анжелика Бишкек - Каракол трассасындагы бакты кыйдырганы белгилүү болду. Былтыр, 23-январда, ал ушул жерден баратып, жолдун четиндеги бакты сүзүп, үч кызы менен кырсыктаган болчу. Анжеликанын айтымында бак жок болсо, мынчалык жабыркамак эмес (өзү белинен операция болуп, кичүу кызынын эки буту сынган).

Бирок көпчүлүк бул чечимди туура эмес кабыл алышты. Алардын билдирүүлөрүнө ылайык, жол кырсыгына бак күнөлүү эмес, ага айдоочу күнөөлүү.

"Жолдун четине бактар эмне үчүн тигилет? Кооздук үчүнбү? Жок, биринчи кезекте, алардын коргоочу функциясы бар.

Жолдун четине тигилген бактар кум, же кардын басып калуусунан, аварияга себепкер боло турган катуу шамалдан коргойт. Андан тышкары, эгер жол өйдөйүш жерге салынса, жолдун пайдубалы күбүлүп түшүп калбасын деген ой менен да капталына бактар отургузулат.

Андан тышкары, бактар айдоо жерлердин кургап кетишин алдын алат. Андыктан бактарды тигүү бул жөн гана эстетика эле эмес, анын андан башка да көптөгөн функциялары бар. Ошондо бактар бул жөн гана биздин байлыгыбыз эле эмес, алар биздин коргоочуларыбыз, урматтуу Анжелика.

Мен бардыгын түшүнүп турам, авария болду, балдар жана өзүңүз жабыркадыңыз. Бирок мындай жасаган болбойт! Айдоочу машинесин башкара албаганына бак күнөөлү эмес.

Мен сизди кыйылган бактын ордуна 300 ак кайың тигүүгө чакырам. Ошондон кийин гана сизди акылы жок адам дебей калам.

Ойлонуп көрүңүзчү, сиздин миллиондогон катталуучуларыңар бар. Аларга кандай үлгү берип жатасыз? Ансыз деле көчмөндөр бак-дарактарды жек көрүп, туш келди кыйып жатышат", - деп жарандык активист Алина Касенова Facebook'тагы баракчасына жазган.

Өзүнүн стористеринде Анжелика ага айтылган сынга жооп берип, бакты кыюу үчүн атайын уруксат алынганын белгилеген (кимден алынганын айткан эмес).

"Жакын арада жолдун кеңейтилгенине байланыштуу бул бактар ансыз деле кыйылмак", - деп ырчы жазган.

Андан тышкары, өз кезегинде далай бактарды тигип, өз эсебинен жол белгилерин жасаткандыгын эске салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5292