Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучу чырдашты (Видео)
RU

Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучу чырдашты (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБсине орто мектептердин биринде бейбаштык фактысы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.Териштирүү учурунда бир нече окуучунун ата-энелери мугалимдин балдарга кол көтөрөт деп билдиришкен.

"Бул факты боюнча РИИБинин кызматкерлери, мектептин администрациясы жана ата-энелери чакырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, видеодогу окуучу мугалимдин дарегине карата орой сөздөрдү айткан.

Аталган факты Аламүдүн РИИБине катталып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуучулар тарабынан тартылган видео материал ишке тиркелген, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5294