Армениянын президенти Армен Саркисян отставкага кетти
RU

Армениянын президенти Армен Саркисян отставкага кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Армениянын президенти отставкага кетти. Тиешелүу билдирүү президенттин сайтына жарыяланган.

Президент кызматтан кетүү чечимин кабыл алганда эмоцияга жетеленбей, белгилүү бир логикага таянганын белгиледи.

"Улут жана өлкө үчүн азыркыдай оңой эмес маалда президенттин ички жана тышкы саясатта фундаменталдуу жараяндарга таасир этүү инструменттери жок", - деп билдирди Саркисян.

"Биздин өлкө үчүн оор кырдаалда, улуттук биримдик керек болуп турган чакта, президенттик институт ушак-айыңдын жана жашыруун сүйлөшүүлөрдүн бутасы боблбоого тийиш. Ошону менен коомчулуктун көнулүн маанилүү маселелерден алксытып жатат", - деп билдирүүдө жазылган.

69 жаштагы саясатчы премьер-министр Никол Пашинянды бир катар маселелерде, асыресе Азербайжан менен 6 апталык согуш учурунда сындап келген.

Орусиянын арачылыгы менен түзүлгөн келишим аркылуу аяктаган уруштун натыйжасында Ереван Тоолуу Карабак аймагында жана айланасында бир нече райондордон кол жууп калган.

Саркисян тиешелүү сүйлөшүүлөргө катышпай калганына, армия кол башчыларынын кызматтан алынышына нааразычылыгын билдирген.

Армения, Конституцияда көргөзүлгөндөй, парламенттик өлкө. Президенттин кызматы церемониалдык мааниге ээ, ыйгарым-укуктары чектелген.

Саркисян мурда премьер-министр, ага чейин Британиядагы элчи болгон. Жогорку кызматка 2018-жылы мартта жети жылга шайланган. Анын ордун ким басары азырынча белгисиз.

Баш мыйзамга ылайык, мөөнөтсүз шайлоо 25-35 күнгө чейин өтүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5295