Бизден Олимпиадага: бир спортчу, тренер, Садыр Жапаров жана чиновниктер барат
RU

Бизден Олимпиадага: бир спортчу, тренер, Садыр Жапаров жана чиновниктер барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан Максим Гордеев барат.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегендиги. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу Игорь Борисов.

Акыркы төрт жылдын ичинде Максим Гордеев Иран, Армения, Швеция, Орусия, Италия, Швейцария, Австрия, Туркия, Кыргызстан жана БАЭдеги таймашууларга катышып келген. Алардын негизгилеринин бири – 2021-жылдын ноябрь айында БАЭде өткөн квалификациялык турнир болгон. Анда биздин спортчу алдыдагы Олимпиадага "слалом" дисциплинасында катышуу укугуна ээ болгон.

Максим Гордеев жана Игорь Борисовдон сыткары, Олимпиада оюндарына Кыргызстандан бара турган делегациянын курамына миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева кирет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чакыруусу боюнча КР УОКтун президенти Садыр Маматов жана аталган комитеттин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барат.

Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда оюнга чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5298