"Электр станциялары" ААКка жаңы жетекчи дайындалды
RU

"Электр станциялары" ААКка жаңы жетекчи дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун директору болуп Эркин Тавашаров дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кызматты Талайбек Бектенов 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген.

Эске салсак, "Электр станциялары" ачык акционердик коому өлкөдөгү электр энергиянын 98 пайызын өндүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5305