Стамбулда учак каттамдары калыбына келе элек
RU

Стамбулда учак каттамдары калыбына келе элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калың жааган кардан улам Стамбул аэрпортунун бардык аба каттамдары шейшембиде токтотулганы кабарлан. Бул тууралуу Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын жетекчиси Хүсейин Кескин Твиттерге жазды.

Анда аэропорттун кызматкерлери учуп-конуу тилкесине жааган карды тазалап жетише албай жатканы да кошумчаланган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары, уча албай калган миңдеген жүргүнчү аэропортто түнөгөнүн, аларга кошумча тамак-аш жеткирилгенин кабарлашууда.

Дүйшөмбүдө Бишкек-Стамбул каттамы менен учуп барган "Түрк аба жолдору" авиакомпанясынын учагы Түркиянын Самсун шаарына конгону белгилүү болду.

Стамбул шаарынын губернатору Али Эрликая социалдык тармактар аркылуу, стамбулдуктарды жеңил автоунаа менен көчөгө чыкпай турушун, кар жаашы бейшембиге чейин узашы мүмкүн экенин эскертти.

Соңку күндөрү Түркиянын айрым аймактарында калың жааган кардан улам өрөөндөрдү байланыштырган жолдор жабылып, учак рейстери токтотулган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5307