Өлкө боюнча жарык өчтү. Минэнерго берген маалымат
RU

Өлкө боюнча жарык өчтү. Минэнерго берген маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Минэнерго берген маалыматка ылайык, өлкө ичинде авария болгон эмес. Бул бириккен энергетикалык шакекченин таасири.

Электр жарыгы Казакстандын түштүгүндө жана Өзбекстандын түштүк-чыгышында да өчкөн.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен электр энергиясын электр шакекчеден тышкары кошуу буйругу берилди. Буга бир нече саат кетиши мүмкүн.

ТЭЦ автоматтык түрдө өчкөн, ошондуктан ТЭЦ убактылуу иштебейт. Авариялык бууну чыгаруу жүргондон кийин электр жарыгы берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5308