Бишкектиктер лифттерге камалып калышкан
RU

Бишкектиктер лифттерге камалып калышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө боюнча электр энергиясы өчүп, Бишкектин бир топ тургуну көп кабаттуу үйлөрүндөгү лифттерге камалып калышкан.

Шардык кызматка 40 кишиден чакыруу келип түшкөн.

Бирок "Бишкекгорлифт" камалып калгандар мындан көп болушу мүмкүн, анткени шаардагы бардык эле лифттер алардын балансына караштуу эмес, деп билдирди. Лифтке камалып калгандардын так саны белгисиз.

Эске салсак, бүгүн, 25-январда, болжол менен саат 12:00до Бишкекте электр жарыгы өчкөн. Кийин авария кыйла кеңири экени белгилүү болуп, электр энергиясы бүтүндөй өлко боюнча эле эмес, Казакстан жана Өзбекстандын бир бөлүгүндө да жок экени маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5309