Өлкө боюнча электр жарыгы өчүрүлдү. Учурда эмне болуп жатат?
RU

Өлкө боюнча электр жарыгы өчүрүлдү. Учурда эмне болуп жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-январда Кыргызстан боюнча жарык өчкөн.

В обратном порядке
Только важное
12:00
25.01.2022
Алгачкы билдирүү

Болжол боюнча саат 12:00до Kaktus.kg'нин окурмандарынан "Манас" аэропортунда, Политех районунда, "Дордой" базарында жана түштүк кичирайондордо электржарыгы жок, деген билдирүү келген.

Кийин Бишкектин башка райондорунда да свет жок экени айтылды. Жолдордо светофорлор иштебей турду.

Электр жарыгынын өчүшү менен бир нече операторлордун абоненттеринде байланыш үзүлүп, Интернет иштебей калган.

"Бишкекводоканалдын" басма сөз кызматы электрэнергиясынын өчкөндүгүнө байланыштуу насостук станциялар иштебей, суу жок, деп маалымдады.

Жалал-Абад жана Ош облусунун тургундары да жарыктын жоктугун маалымдашты.

12:20
25.01.2022
"Түндүкэлектронун" комментарийи

Учурда "Түндүкэлектро" станцияларга кат жөнөткөн. Улуттук электр станциялары да себептерин аныкташууда. Минэнерго азырынча маалымат бере элек.

ТЭЦке жакын жашаган тургундар сыртынан объект кадимкидей иштеп жаткандай көрүнүп турат деп кабарлашты.

Каракол, Балыкчы, Бостери, Чолпон-Ата, Токмокто да электр энергиясы жок экени белгилүү болду.

12:21
25.01.2022
Себеби НЭСКте болушу мүмкүн

"Түндүкэлектро" маселе НЭСКте деп кабарлады. Ал жакта себептери аныкталууда.

Токтогул ГЭСин караган "Электрические станции" кырдаалга комментарий бере элек.

Өзбекстандын түштүгүндө да электрэнергиясы жок экени белгилүү болду.

Интернет жарым-жартылай иштеп жатат.

12:31
25.01.2022
Интернет жок

Megacom'дун интернети иштебей жатат

12:50
25.01.2022

НЭСК Орто Азиянын бүтүндөй энергосистемасында автоматика иштеп, электр энергиясы өчүп калган. Учурда нормалдуу режимге кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, деп маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстанга бир сааттын ичинде жарык берилет.

13:02
25.01.2022

Кайгуул кызматынын бардык составы Бишкектин жолдоруна чыгып, жол кыймылын көзөмөлдөп жатышат. Себеби светофолор өчүк.

13:15
25.01.2022

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен электр энергиясын электршакекчеден тышкары кошуу буйругу берилди. Буга бир нече саат кетиши мүмкүн.

ТЭЦ автоматтык түрдө өчкөн, ошондуктан ТЭЦ убактылуу иштебейт. Авариялык бууну чыгаруу жүргөндөн кийин электр жарыгы берилет.

13:33
25.01.2022

"Манас" аэропорту штаттык режимде ишин улантууда. Генераторлор кошулду.

Саламаттык министрлиги ооркуналар генераторлорго кошулган, азырынча кубаттуулугу жетиштүү, деп маалымдашты. Ведомство жакынкы аралыкта электржарыгы берилет деп үмүттөнүүдө.

Билим берүү министрлиги мектептер эмне болоорун кабарлаган жок. Ата-эхнелердин айтымында сабактар уланууда.

Улуттук банк берген маалыматка ылайык, банк ар жана бардык банк системалары үзгүлтүксүз иштеп жатат. Банктардын өзүндө жана соода борборлорундагы бөлүмдөрү генераторлорго кошулган, ошондуктан штаттык режимде ишин улантууда.

СИЗО жана колониялар да генераторлорго өткөн.

13:44
25.01.2022

Энергетиктер калктан бардык электр шаймандарын розеткалардан өчүрүүнү суранды. Электрэнергиясы берилгенде чыңалуу жогору болуп жарактан чыгып калышы мүмкүн.

13:54
25.01.2022

Өлкө боюнча электр энергиясы өчүп, Бишкектин бир топ тургуну көп кабаттуу үйлөрүндөгү лифттерге камалып калышкан.

Шардык кызматка 40 кишиден чакыруу келип түшкөн.

Бирок "Бишкекгорлифт" камалып калгандар мындан көп болушу мүмкүн, анткени шаардагы бардык эле лифттер алардын балансына караштуу эмес, деп билдирди. Лифтке камалып калгандардын так саны белгисиз.

14:20
25.01.2022
Кыргызстан энерго шакекчеден чыкты

Минэнерго берген маалыматка ылайык, Кыргызстан энерго шакекчеден чыкты. Жакын арада региондордогу электрэнергиясы калыбына келтирилет. Энергетика министрлиги калкты сабырдуу болууга үндөдү.

14:26
25.01.2022
Өлкөнүн түштүгүнө жарык берилди

Ош жана Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда элеткрэнергиясы берилди.

14:30
25.01.2022
Бишкекте жарык күйдү

Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка региондорунда акырындык менен жарык күйө баштады.

15:33
25.01.2022
Казакстандагы кырдаал

"KEGOC" АК Алматы жана Алматы облусу боюнча электр жарыгы калыбына келтирилгенин маалымдады.

500 кВ "Север – Восток – Юг Казахстан" транзиттин электропередачасынын бардык линиялары ишке кирди. Улуттук электр түйүнүнүн нормалдуу иши толугу менен калыбына келтирилди.

15:38
25.01.2022

Электрэнергиясы өлкөнүн айрым жерлерине бериле элек. Окурмандардын айтымында Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында жана айрым түштүк кичирайондорунда жок.

Майлуу-Сууда да свет жок.

15:45
25.01.2022

Мындай масштабдуу электрэнергиясынын өчүрүлүшүнүн себеби аныктала элек. Бир жерде авария болуп, станциялар автоматтык түрдө өчкөн деп айтылууда.

16:09
25.01.2022

"Аламедин-1" кичирайонунда, "Энергетиктер шаарчасында", Маевка айылынын бир бөлүгүндө жана "Тунгучта" дале жарык жок

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5310