Депутаттар Идрис Кадыркуловдун элчи болуп дайындалышына нааразы
RU

Депутаттар Идрис Кадыркуловдун элчи болуп дайындалышына нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айбек Осмонов Идрис Кадыркуловдун Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дйындалышына нааразычылыгын билдирди.

Бүгүн, 26-январда өтүп жаткан отурумда, парламентте кызыктай иштер болуп жатат деди.

"Кечээ, эл аралык комитетте украинанын элчисин карадык. Комитетте колдоо тапкан жок, бирок аны бекитип коюшту. Бул туура эмес. Биринчиден. Экинчиден, ТИМ мындай боло турган болсо, Жогорку Кеңешке алып келбей эле бүтүрө беришпейби? Жогорку кеңешке комитетке алып кирип, комитет аны талкуу кылып, талкуудан кийин колдоо таппаган адам, азыр кызматка дайындалып жатат. Бул жагы кандай болуп калат?" - деди Осмонов.

Аны кесиптешин Нурланбек Шакиев да колдоду.

"Урматтуу президенттин өкүлү, эгер силер ушуну билсеңер, жообуңар даяр болсо, анда элчинин талапкерлигин алып келбешиңер керек болчу. Сиз кетирген катачылыгыңар менен президентти жана жогорку Кеңешти ыңгайсыз абалга коюп жатасыңар. Мындай кийин бир да элчини алып келбегиле. Коомчулук түшүнбөй турат, парламент бирди, президент бирди айтып жатат, деп. Демек, бул парламенттин чимкирик парламенттен айрымасы жок экен, президент парламентти укпайт экен деген талкуулар болуп жатат. ТИМдин да жоопкерчилигин караш керек", - деди.

Президенттин ЖКдагы өкүлү Алмсбек Абытов Жаңы Конституциянын нормасы боюнча президент чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын, эл өкүлдөрүн дайындайт жана кайра чакыртып алат. Ошондуктан президент кечээ Украинага элчини өзү шайлады, деп жооп берди.

Ошол эле учурда Шакиевдин айткандарына макул болуп, "Биз азыр мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүп жатабыз. Сиз айткан туура эмес иштер экинчи кайталанбайт", - деп убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5316