Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 20 млн сом төлөдү. Ал камактан бошотулат
RU

Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 20 млн сом төлөдү. Ал камактан бошотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 20 млн сом төлөдү. Ал жакын арада УКМКнын СИЗОсунан бошотулат. Бул жөнүндө мекеме кызматкерлери айтып беришти.

Алардын айтымында, бир нече күн мурун Таиров мамлекетке 20 млн сом өткөрүп берген. Ал тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, өз күнөөсүн мойнуна алууга даяр экенин билдирген. Андан соң Таиров сотко жөнөтүлүп, жаза чарасы өзгөртүлөт.

Эске салсак, 2020-жылдын 11-декабрда УКМК Бакир Таировдун мамлекеттик органдардын биринин башчысынан мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча кармалганын маалымдаган. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, ал, октябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун алдында бир партияны колдоо максатында мамлекеттик органдын башчысынан чоң көөлөмдөгү акча каражат алган.

Бакир Таиров финполицияны 2018-жылдын 28-апрелинен бери жетектеп келген. Октябрь окуяларынан кийин мекеме башчысы болуп Сыймык Жапыкеев дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/531