Болот Назаров УКМКга катуу жооп кайтарды
RU

Болот Назаров УКМКга катуу жооп кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Болот Назаров УКМКга катуу сын айтты. Ал өзүнүн ыр түрүндөгү кайрылуусун өзүнүн Tik-tok'тогу баракчасына жана YouTube'дагы "Айт Айт Десе" каналына жарыялаган.

Анын айтымында, УКМК өздөрү уюштурган бульбулятор акыры элдин күлкүсүн келтирген театр болду. Ар кимдин артын аңдыгыча, элдин коопсуздугун камсыздоо менен алек болуп, жердин бүтүндүгүнө кам көрсөңөр болмок, деп айтты.

Ырдын толук тексти:

Периште эмес пендесиң деп катардагы

Башыңды көтөр деди атам дагы

Жекелей берсин мейли фейк тролдор

Жэмкорлорум жэгениң айтам дагы

Кайран тили калкына болгон элпек

Кайра эле алдыңарда кара тентек

Камандардын азуусун чагамын деп

Кара тентек жеди экен канча калтек

Бир көргөнүм кул көргөн эмес сыңар

Бир көргөнүм хан көргөн эмес чыгаар

Заң закончу жандардан запкы тартсам

Залкар элим бар экен баштан сылаар

Мени сүйүп күйүп жүргөн агент кызың

Минтерин билбептирмин бир күн акыр

Өзүңөр уйуштурган булбулятр

Өзүнчө эле болду го бир тиятр

Сунуштаган кызыңар атын айткан

Булбулятр эмес ал күлкүлятр

Кумтөрдүн куму менен уусу калды

Кубалашмай ойноп жүрсөң сен биякта

Жэтим тоо да жэлкесин ийген атат

Жэрин сактап калуучу эл кайакта

Жэримди кесип саттың ар тарапка

Белекке да бердиң жэрди капкайакка

Учуп бартам туманда смок деген

Учкан тувта конууга жэр кайакта

Биздер менен укемка тирешкиче

Бир далай олку жерин ирээтесе

Артымдын артындагы тешигимди

Аңдыгыча акылын бир экчесе

Улуттун коопсуздук кызматына

Улуу эл тапшырды эле эсендигин

Укуругуң узун кезде унутпагын

Ушалай аламын деп неченди миң

Көчүк аңдып жүргөнүң айтып турат

Көчүккө да айланып кетеерлигиң

Бир эмес бир нече ирет ырастадың

Беделиңер белден ылдый экендигин

Сындырамын дейсиңер

Сынбайбыз артка кетпейбиз

Секс бул жеке жашообуз

Сем секунд кайгы чекпейбиз

Силерди тартып алат деп эми

Сийерде да эстейбиз

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5321