Исхак Масалиев: Бөлтүрүк отчет кылган 13 млрд сомду Минфин көрбөптүр
RU

Исхак Масалиев: Бөлтүрүк отчет кылган 13 млрд сомду Минфин көрбөптүр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште "Кумтөр голд компани" ЖАКтын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алууну бүгүн, 26-январда өткон отурум учурунда сунуштады.

Анын айтымында, жакында эле компаниянын тышкы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" иши боюнча отчет берген.

"Ал берген маалымат коомдо талкууланып жатат. Компания 861 млн долларга алтын сатканын, 13 млрд сом салык төлөнгөнүн билдирди. Бул жакшы. Бирок башкалар Минфин бул каражатты бюджеттен көргөн эмес деп жатышат. Биз компания кандайча иштеп жатканын билишибиз керек", - дейт Масалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5324