Кыргыз чабандестер тартылган сүрөт эл аралык сыйлык алды
RU

Кыргыз чабандестер тартылган сүрөт эл аралык сыйлык алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламан улакка түшкөн чабандестердин сүрөтү Travel Photographer of the Year - 2021 эл аралык фотосүрөт сынагынан жеңип чыкты. Бул жөнүндө The Telegraph британ басылмасы жазды.

Бельгилялык сүрөтчү Алан Шредер укмуштуудай көз ирмемди сүрөткө тартып алган. Анын айтып бергенине караганда, бул көрүнүш 2021-жылы Өзгөндө болгон. Оюнду жергиликтүү тургун уулунун урматына уюштурган. Сүрөттө болжол менен 170 эркек киши аламан улакка түшкөн. Бул оюн көк-бөрүгө окшош, бирок анда ар бир оюнчу өзү үчүн гана алп урушат. Ошондон улам, оюн абдан кызыктуу өтөт.

Travel Photographer of the Year – туристтик фотосүрөттүн эң абройлуу эл аралык сынагы. Жыл сайын дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнөн миңдеген сүрөттөр жөнөтүлөт. Жакында эле калыстар тобу 2021-жылдын жеңүүчүлөрүн аныкташты. Салттуу түрдө, сынак Лондондо уюштурулган чоң фото көргөзмө менен жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5327