Акчасын мечиттен уурдаткан Мухтар эсиңердеби? Анын сумкасын кайтарып беришти
RU

Акчасын мечиттен уурдаткан Мухтар эсиңердеби? Анын сумкасын кайтарып беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Свердлов районунун ыкчам иш алып баруучу кызматкерлери Бишкектин борбордук мечитинен 900 миң сом уурдады деп шектелшген адамды камакка алышты. Бул тууралуу ИИБ маалымдады.

Белгилүу болгондой, акча уурдалгандан кийин сегиз күн өтүп, шектелүүчү аныкталган. Ал 1970-жылы туулган Б.А. болуп чыкты.

Шектелүүчү Свердлов районунун ИИБсине жеткирилген. Анын жанында уурдалган барсетка, ичиндеги акчалары менен бар болчу.

Эске салсак, Kaktus.media'га Мухтар Уразалиев кайрылган. Анын айтып бергенине ылайык, ал Бишкектеги борбордук мечитке намазга келген, даарат алып жатканда барсеткасын уурдаткан. Анда жер тилке сатып алууга деп чогултуп жүргөн 900 миң сому жана бардык документтери бар болчу.

"Мен үй-бүлөмө үй салуу үчүн жер тилкесин сатып алуу боюнча келишим түзмөкмүн. Бирок кудай алдында милдетимди аткарып коюп, намаз окуп чыгайын дегем", - деп айтып берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/532