Мышыкты мык менен тамга каккан кишиге издөө жарыяланды
RU

Мышыкты мык менен тамга каккан кишиге издөө жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун ИИБлери мышыкты өлтүрүп, мык менен тамга кагып койгон эркек кишиге издөо жарыялашты. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына милициядан билдиришти.

Кыргызстандын ИИМи райондук ичики иштер башкармалыктарына мышыкты өлтүрүп, анын өлүгүн сарайдын дубалына мык менен кагып, бардыгын видеого тарткан эркек кишини табуу тапшырмасын берди.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул блогер мурда дагы ушундай иштерди жасап видеолорун жарыялаган, деп жазып жатышат.

Блогер өзү мындай дейт: "Таң калыштуу, баратып өлүп калыптыр мен бунун бутуна мык какбадым. Кудай күбө өзүм көрүп, өзүм шок болдум", - деп жазган.

Комментаторлордун көпчүлүгу анын кылыгына нааразы болуп, негативдүу ой пикирлерин жазышкан. Блогер аларга дароо жооп кайтарды:

"Асылып өлгөн мышыкты көргөн эмес элем, ошол себептен тартып алган элем. Мынчалык өлгөн мышыкты жактырып ага күйүп бышып алдыңар? Эгер ошончолук бооруңар оруп жатса, келип алыпкеткиле, жатат ошол жерде", деп жазды.

ИИМ берген маалыматка ылайык, ал Ноокат районундагы Чапаев айылынан болот. Учурда Бишкектин "Ак-Өргө" жаңы конушунда жашайт.

"Жашаган жерине милициянын участковыйы жиберилди", деп укук коргоо органдары маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5330