Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды
RU

Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге бүгүн, 27-январда, Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, предписание жазылып, №24-мектепти карантинге жабуу чечими чыкты. Маалыматка ылайык, мектепте коронавирус инфекциясын жугузган беш учур аныкталган.

Буга чейин онлайн окутууга өткөн мектептерде дале ооругандар аныкталып жатат.

Ошону менен учурда борбор калаанын 26 муниципалдык жана сегиз менчик мектеби, андан тышкары үч бала бакча - №135, 61 жана 148 карантинге чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5332