Кара-Көл шаарынын эркектери эркек гинекологду иштен кетүүсүн талап кылышты
RU

Кара-Көл шаарынын эркектери эркек гинекологду иштен кетүүсүн талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эркектер топтолуп, жалпы дарыгерлик практика борборунун эркек акушер-гинекологуна жумуштан кетүү талабын коюшкан. Аталган оорукананын жетекчиси Бакыт Ырысбеков окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

"17-январда саат 11:00 чамасында мен жыйналышка кеткем. Ошол учурда кишилер келиптир. Арасында молдо бар экен. Алар адиске жолугуп шариат боюнча эркек киши башка аялдарды, кыздарды карабашы керектигин, бул зынаа экенин айтышыптыр. Алар кызматкерге жумуштан кетүүсүн же башка жакка барып иштөөсүн талап кылып, эскертүү берип жаткандарын билдиришиптир.

Бул окуядан кийин биз акушер-гинеколог менен сүйлөшүп, жумуштан кетпөөсүн, колдоо көрсөтөрүбүздү айттык. Азыр адис ишин улантып жатат. Милиция кызматкерлери тарабынан бул иш каралып жатат. Бүгүн эскертүү бергендер менен акушер-гинекологду беттештирмек", - деди ал.

Белгилей кетсек, шаардын айрым тургундарынын жумуштан кет деген талабынан улам 27 жаштагы адис арыз менен милицияга кайрылган. Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында өлкөдө медицина кадрлрынын тартыштыгы болуп жатканда аларды иштен кетирүү туура эмес.

"Саламаттыкты сактоонун өкүлдөрү медицина кызматкерлери катары айтып кетебиз: биз үчүн эң башкысы - туура жана өз маалында жардам көрсөтүү. Доктур эркекпи, аялбы айырмасы жок. Бизди эч ким кармабаш керек. Өлкөдө медицина кадрлары жетишсиз. Көбү так ушундай түшүнксүз көрүнүштөр болуп жаткандыгына байланыштуу кетип жатышат. Акушер-гинекологду окутуу, доктур кылып даярдап, андан кийин эркек болгону үчүн жумуштан кетсин деген сөздү угуу өтө катуу тиет... Бул дискриминация, гендердик теңсиздик. Кара-Көлдө операция жасай ала турган ушул эле врач бар. Бардык эле гинекологдордо хирургдун жөндөмдөрү боло бербейт. Биз башкасын таба албайбыз. Региондордо жалан пенсионерлер калды, жаштар ал жака баргысы жок", - дейт Асылбашева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5333